Zaman (Заман)
Ар бир күндүн аткан таңы,Турмуштун сага ызгаары.Жарты нанга жан сатылган,Зар жашоонун сен баласы.
Ыркырашып аш талашыпКүндөрүң өттү,Иттердин жанында.Эне сүтү ооздон кетпей,Жетим калдың сен талаада.
Жалгыз жаның,Жат турмушта -Жашайсың сен – ырайымсыз.Жан кейитип,Көз жаш кетип,Денеңди саттын тыйынга.
О турмуш,Неге ач талаага,Калтырдың жалгыз,Жалгыз балаңды?Кээ бирөөнө зар болгон бала,Бирөөлөргө - кор бала.