Mirbek Atabekov "Suranamın Kechir Meni (Суранамын кечир мени)" letra

Traducción al:rutr

Suranamın Kechir Meni (Суранамын кечир мени)

Азгырылып, сезим менен ойноп,Айрылдым өзүңдөн,Биздин сүйүүбүздү жомоктой ойлоп.Сага жагыш үчүн издөө айла,Жалган айтып, алдадым,Сени жоготуудан коркуп анда.

Көрбөптүрмүн сендей жанды,Көздөрүңдө сыйкыр барбы?Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың.Жан дүйнөмдүн тынчын алып,Жалын болуп күйүп, жанып, кеттиң алыс,Сенсиз калдым эми жалгыз!

Жүрөгүмдү ээлеп алдың,Бар дүйнөмө бүрөк салдың,Жалын болуп күйүп жаным,Күйүт салдың.Бакыт сен жок сезилбеди,Жүдөттүң го сезимимди,Сагынычка эзбей эми,Келчи деги,Суранамын, кечир мени!

Алоолонуп жүрөк кезип кайра,Ар дайым эсимде,Ал күндөрүм менин соолубас дайра.Эми сезимдерим издөө айла,Жалгыздыкка кезигем,Сенин "Сүйөм" - деген сөзүң кайда?

Көрбөптүрмүн сендей жанды,Көздөрүңдө сыйкыр барбы?Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың.Жан дүйнөмдүн тынчын алып,Жалын болуп күйүп, жанып, кеттиң алыс,Эми сенсиз калдым жалгыз!

Жүрөгүмдү ээлеп алдың,Бар дүйнөмө бүрөк салдың,Жалын болуп күйүп жаным,Күйүт салдың.Бакыт сен жок сезилбеди,Жүдөттүң го сезимимди,Сагынычка эзбей эми,Келчи деги,Суранамын, кечир мени!

Суранамын, кечир, суранамын!Кубанычым болуп,Кучагыма толуп, кайрылсаңчы,Сар-санаага алдырбай,Аясыңчы мени жалгыз калтырбай!Суранамын, кечир мени!

Aquí se puede encontrar la letra de la canción Suranamın Kechir Meni (Суранамын кечир мени) de Mirbek Atabekov. O la letra del poema Suranamın Kechir Meni (Суранамын кечир мени). Mirbek Atabekov Suranamın Kechir Meni (Суранамын кечир мени) texto. También se puede conocer por título Suranamin Kechir Meni Suranamyn kechir meni (Mirbek Atabekov) texto.