Kanykey "Jürök Sysdayt (Жүрөк сыздайт)" testo

Traduzione in:enkkrutr

Jürök Sysdayt (Жүрөк сыздайт)

Не себептен, не себептен,Бактылуу күн бузулат?Туталанам, туталанам,Көзүмдөн жаш сызылат.Бакыт кушу, бакыт кушу,Учуп кетти колумдан.Ала кетти, ала кетти,Сүйүү отун кокустан.

Кайырма:Жүрөк сыздайт, жүрөк сыздайт,Өткөн күндү эстесем.Таттуу күндөр, таттуу күндөр,Кетпей койду эсимден.Издеп күтөм, издеп күтөм,Сүйүүмдү мен алыстан.Бирок сүйүүм, бирок сүйүүм,Менден качат алыстап, алыстап.

Ойлономун, ойлономун,Өткөн күндү элестетип.Өкүнөмүн, өкүнөмүн,Тагдырыма башым ийип.Бар бакытты, бар бакытты,Учурупмун колумдан.Махабаттын көгүчкөнү,Кайрылбайт го жолунан

Qui è possibile trovare il testo della canzone Jürök Sysdayt (Жүрөк сыздайт) di Kanykey. O il testo della poesie Jürök Sysdayt (Жүрөк сыздайт). Kanykey Jürök Sysdayt (Жүрөк сыздайт) testo. Può anche essere conosciuto per titolo Jurok Sysdayt ZHүrөk syzdajjt (Kanykey) testo.