Gulnur Satılganova "Seni buyrup koybogondo (Сени буйруп койбогондо)" Слова песни

Seni buyrup koybogondo (Сени буйруп койбогондо)

Тилектин баары тунук акак дебе,Тирелип көкүрөктө жатат дебе.Термелткен сенин күчүң болбогондо,Тез эле менин күнүм батат дебе.

Күлгүн жаш күлкү менен өтөт дебе,Күлкүдөн күйүттү эзип кетет дебе.Кудурет сени буйруп койбогондо,Кусалык жүрөгүмдү эзет дебе.

Күн болбой гүлдөр жайнап өсөт дебе,Жел болбой булут калкып көчөт дебе.Жылуулук сенден келип турбаганда,Жылдызым жыл айланбай өчөт кээде.

Күлгүн жаш күлкү менен өтөт дебе,Күлкүдөн күйүттү эзип кетет дебе.Кудурет сени буйруп койбогондо,Кусалык жүрөгүмдү эзет дебе.

Жылдызды көктөн түшпөс чырак дебе,Жылжыган арык көрсөң, булак дебе.Доорун сүрүп сени менен өткөнүмчө,Болду, мезгил токтолуп турат дебе.

Здесь можно найти слова песни Seni buyrup koybogondo (Сени буйруп койбогондо) Gulnur Satılganova. Или текст стиха Seni buyrup koybogondo (Сени буйруп койбогондо). Gulnur Satılganova Seni buyrup koybogondo (Сени буйруп койбогондо) текст. Также может быть известно под названием Seni buyrup koybogondo Seni bujjrup kojjbogondo (Gulnur Satilganova) текст.